ЖМК: Рамзан Кадыров Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланууда
Бөлүшүү:
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын бир катар орус басылмалары жазып чыкты.
Буга чейин Кадыров коронавирус жуктуруп алды деген маалымматтар тараган. Бирок Кадыровдун жардамчысы коронавируска каршы күрөшүү штабыдын Кадыров жеке көзөмөлгө алып, башкарып жатканын айткан.
Расмий маалыматтар боюнча Чеченстанда 1026 кишиден коронавирус табылып, 11 киши каза болгон. Андан сырткары 635 киши илдеттен айыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-ramzan-kadyrov-moskvadagy-oorukanalardyn-birinde-darylanuuda
Добавить комментарий ×