ЖМК: Назарбаевдин кызы Швейцариядан 45 миллион долларга жер сатып алды
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева Швейцариядан 44 миллион франкка (45 миллион доллар) жер тилкесин сатып алганын La Tribune de Geneva басылмасы жазды.
Ага ылайык, жарым гектардай болгон жер тилкеси Коллонж-Бельрив коммунасында орун алган. Кулибаева аны монаколук Марк Сёрсок аттуу жарандан сатып алган. Ал жерде 17-кылымда курулган Бельрив сарайы да жайгашкан.
Швейцариянын ЖМКларынын жазышынча, бир тууган Сёрсоктор хан сарайды 120 миллион франкка сатууну пландашкан, бирок сатып ала турчу кишилерди таба алышкан эмес.
Forbes журналы Кулибаеванын байлыгын 3,2 миллиард доллар деп баалаган.
Белгилей кетсек, Назарбаевдин ортончу кызы 2009-жылы Швейцариянын Аньер коммунасынан 78 миллион франкка вилла сатып алган болчу.
Кулибаева менен күйөөсү Тимур Кулибаев ишкерлердин "Атамекен" улуттук палатасынын башчысы жана Kazenergy нефтегаз жана энергетика комплекси ассоциациясынын жетекчиси болуп саналат. Алар өздөрүнүн АЛМЭКС компаниясы аркылуу Казакстандагы эң ири Эл банкты көзөмөлдөшөт.
Аял күйөө Кулибаевдер Forbes журналынын былтыркы рейтингинде миллиардерлердин тизмесинен 715-орунду ээлеген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-nazarbaevdin-kyzy-shvejcariyadan-45-million-dollarga-zher-satyp-aldy
Добавить комментарий ×