1-сентябрда окуучулар үчүн жол кире акысыз экендиги эскертилди

24 август 2018 01:40 1900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-сентябрда окуучулар үчүн жол кире акысыз боло турганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы эскертти.   

Маалым болгондой, 1-сентябрь күнү акция катары, балдарга белек катары 1-сентябрда балдарды, мектеп окуучуларын бекер ташышат. Жалпы республика боюнча мындай сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жол инспекторлору жана коомдук транспорт фирмалары тарабынан балдарга жасалган көңүл буруу катары ушундай акцияны  өткөрүүдө.  

Белгилеп кетсек, 1-сентябрда жалпы өлкө аймагындагы мектептерде салтанаттуу линейкалар жана ачык сааттар өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhkkkb-1-sentyabrda-okuuchular-chn-zhol-kire-akysyz-ekendigin-eskertti



Добавить комментарий