1-сентябрда окуучулар үчүн жол кире акысыз экендиги эскертилди
Поделиться в:
1-сентябрда окуучулар үчүн жол кире акысыз боло турганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы эскертти.
Маалым болгондой, 1-сентябрь күнү акция катары, балдарга белек катары 1-сентябрда балдарды, мектеп окуучуларын бекер ташышат. Жалпы республика боюнча мындай сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жол инспекторлору жана коомдук транспорт фирмалары тарабынан балдарга жасалган көңүл буруу катары ушундай акцияны өткөрүүдө.
Белгилеп кетсек, 1-сентябрда жалпы өлкө аймагындагы мектептерде салтанаттуу линейкалар жана ачык сааттар өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhkkkb-1-sentyabrda-okuuchular-chn-zhol-kire-akysyz-ekendigin-eskertti
Добавить комментарий ×