Бишкекте мектептерде окуучулардын уюлдук телефондорун сала турган кутучалар коюула баштады

17 ноябрь 2023 12:41 1202 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте мектептерде окуучулардын уюлдук телефондорун сала турган кутучалар коюула баштады. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашырылды.

“Бүгүн, 17-ноябрда Биринчи май район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова калган эки №6 жана №78 мектептерге телефон үчүн кутуларды тапшырып, ошондой эле смартфонсуз  сабактын жүрүшү менен таанышты.

Мектеп окуучуларынын алаксыбашы жана материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн сабактарды баштаардан мурун окуучулар өздөрүнүн гаджеттерин бардык класстарда орнотулган номурланган кутуларга коюшат, сабактын аягында же тыныгуу учурунда балдар смартфондорун кайра колдоно алышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алынып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин, №70 мектеп пилоттук долбоор болуп, ал кезде ар бири 30 кулпуланган чөнөктөн турган 140 куту сатып алынган”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mektepterde-okuuchulardyn-uyulduk-telefondorun-sala-turgan-kutuchalar-koyuula-bashtady



Добавить комментарий