Жигитинен өч алган кыз өбүшүп жаткан учурда анын тилин үзө тиштеп салды

18 июнь 2019 16:43 4095 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Испаниялык 24 жаштагы Адайя Лопес Эстеве аттуу кыз аны менен ажырашууну чечкен жигитинен катуу өч алды, эми аны түрмө күтүп турат. Бул тууралуу El Español булагы кабарлады.

Эстевенин 42 жаштагы жигити кыздын импульсивдүү мүнөзүнөн улам андан кетүүнү чечкен. Эки ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөн кийин эркек андан кетүүнү чечкен.

Бир аз убакыттан кийин алар кайрадан элдешкен. Бирок июнь айында кайрадан алар чатакташып жигит кыздан биротоло кете турганын айткан. Кыз жини келип квартирадан чыгып кеткен.

Бир аздан кийин Эстер кайтып келип акыркы ирет өбүшүп коштошууну кааларын билдирген жана байкуш эркекти өөп тилинин учун тиштеп үзүп алып, аны полго түкүрүп салган. Бактыга карай коңшусу ызы-чууну угуп чуркап келип медиктерди чакырткан.

Бир аздан кийин аялды кармашып ага карата кылмыш ишин козгошкон. Учурда кыз сегиз жылга кесилиши күтүлүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhigitinen-ch-algan-kyz-bshp-zhatkan-uchurda-anyn-tilin-z-tishtep-saldy



Добавить комментарий