Жигит кызганычтан бензин чачып өрттөп жиберген кыз ооруканада көз жумду
Запорожье шаарында жигити үстүнө бензин чачып өрттөп жиберген 22 жаштагы Анастасия Ковалева кечээ, 10-июлда ооруканада көз жумду. Бул тууралуу facenews.ua булагы кабарлады.
Дарыгерлердин айтымында, Ковалеванын терисине жасалган эки операциядан кийин жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер анын күйүп калган терисин алып ордуна убактылуу чочконун терисин жайгаштырмак болушкан.
Операциянын маалында Анастасиянын жүрөгү токтоп калды. Кыздын денесинин 85 пайызы күйгөн.
Эскерте кетсек, Украинанын Бабурка айылында 2-июлда төбө чачты тик тургузган окуя болгон. 28 жаштагы жигит 22 жаштагы сүйгөн кызын бензин чачып, элдин көзүнчө өрттөп жиберген. Кыздын денесинин 90 пайызы күйүп ооруканага оор абалда жеткирилген.
Экөөнүн интернетке жүктөлгөн сүрөтүнөн жаштар бири-бирине ушунчалык жылуу мамиле кылганын көрүүгө болот.
Бирок кызганычтын айынан эки жаштын ортосунда жаңжал чыккан. Кыздын курбуларынын айтымында, жигит кызды катуу кызганым, ар бир баскан кадамын аңдыган.
Жигит тергөөдө ыйлап-сыктап, “сабак болсун” дегем деп актанды.Учурда ага карата кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/zhigit-kyzganychtan-benzin-chachyp-rttp-zhibergen-kyz-oorukanada-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×