Зеленский Орусия Украинага дагы 28 ракета учурганын айтты

12 октябрь 2022 13:12 1170 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жети” G7 өлкөлөрүн Орусиянын Украинанын бир катар ири шаарларына соккусунан кийин Киевге “аба калканчын” түзүүгө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу Зеленскийдин соцтармактагы баракчасына жүктөлгөн маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Зеленский 11-октябрда Орусия Украинага дагы 28 ракета учурганын айтты.

Анын айтымында, соккуларга “негизинен ирандык” 15 учкучсуз учак тартылган жана алардын көбү атып түшүрүлгөн.

Украинанын Башкы штабы өлкө боюнча жыйырмадан ашык шаар жана айылдар аткыланганын билдирди.

"Мындай калкан үчүн миллиондогон адамдар ыраазы болмок. Орусияда ракеталык соккулардан кийин дагы башка өтө коркунучтуу мүмкүнчүлүк бар", - деди Зеленский.

Ссылка: https://barometr.kg/zelenskij-orusiya-ukrainaga-dagy-28-raketa-uchurganyn-ajtty



Добавить комментарий