Жети миң кыргызстандык бүгүнтөн баштап Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылды
Бөлүшүү:
Бүгүнкү күнгө карай Россияда миграциялык мунапыстын эсебинен 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Миграциялык кызматтын маалыматтык-консультация борборунун өкүлү Бахтияр Толонов кабарлады.
Анын айтымында, “кара тизмеде” баардыгы болуп 72 миң адам болгон.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановдун айтымында, дагы 200 миң адам кара тизмеге кирүү алдындагы чекте болсо анын 105 миңи учурдагы миграциядан пайдаланып мындай чектен чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-mi-kyrgyzstandyk-bgntn-bashtap-rossiyanyn-kara-tizmesinen-chygaryldy
Добавить комментарий ×