Жети-Өгүздө 3 жашар бала ур-токмоктон улам каза болду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ур-токмоктон улам 3-жашар бала каза болду. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук милициянын басма-сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“15-май күнү Жети-Өгүз райондук милициясына аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 12.32 чамаларында Кызыл-Суу айылынын тургундары 38-жаштагы М.Д. жана 33-жаштагы М.Г. ооруканага эс учун жоготуп алган жана денесинде көк-ала тактары бар 3-жашар эркек баланы алып келгендигин маалымдалган. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай наристе эсине келбей каза болгон.
Күбөлөрдү сурамжылоодо, баланы ооруканага алып келген 33-жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3-жашар баласын таштап, өзү Россияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12.00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми, денесиндеги көк-ала тактар болсо, бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун айткан”, - деп айтылат маалыматта.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон.
Бул факты Жети-Өгүз РИИБине катталып, КРнын жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Шектүү катары 33-жаштагы М.Г. райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, жактоочунун катышуусунда ага денеге оор зыян келтирүү боюнча шектүү катары өтүп жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Андан соң, соттун чечими менен шектүүгө 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gzd-3-zhashar-bala-ur-tokmokton-ulam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×