Жети-Өгүз району “Кыргызстан” партиясын колдойт

29 сентябрь 2020 14:00 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызстан" партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бардык айылдарында өттү. Айыл тургундары партиянын өкүлдөрүн жана талапкерин жылуу тосуп алышты.

Жолугушуунун башында "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Маркабаев партиянын “Эл үчүн” программасы менен тааныштырып, партия парламентке өткөндөн кийин көтөрө турчу демилгелерге кыскача токтолду.

Андан кийин жергиликтүү тургундар талапкерге элдин социалдык жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар суроолорду беришти. Алар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоого шарттарды түзүү, экономикалык өнүгүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө токтолушту.  

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө шайлоочулар айыл калкынын 60-70%ы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя алаарын айтышты. Алар айылдардан келген насыя алуучулар үчүн 3-4 айлык эс алууну суранышты.

Талапкер шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди.

Жолугушуунун соңунда шайлоочулар Маркабаевге баарлашканы үчүн ыраазычылык билдиришип, Жогорку Кеңешке шайлоодо “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыктарын айтышты.

“Кыргызстан” партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gz-rajonu-kyrgyzstan-partiyasyn-koldojt



Добавить комментарий