Ички иштер органдарынын бир нече жетекчилерине тартиптик жаза берилди

3 ноябрь 2023 16:30 1257 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин бир катар кызматкерлерине милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн тартип жазалары берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 3-ноябрда ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. 

Ага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички Аскерлердин кол башчысы, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, окуу жайлардын, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин  жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты. 

Андан сырткары областык, шаардык башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилерин орун басарларры, бөлүм башчылары, райондук –шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн форматта катышты.

“Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн тогуз айдын жыйынтыгы менен жалпы 119 кызматкер, анын ичинен  66 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди.  Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү  жыл жыйынтыгына арналган  отурумда карала тургандыгы белгиленди.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы  ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы эскертилди.

Коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhetekchilik-kyzmatta-ishtegen-bir-neche-miliciya-kyzmatkerlerine-tartiptik-zhaza-berildi



Добавить комментарий