Жерүйдү иштетүүчү ишкана бюджетке 8 миллиард 910 миллион 736 миң сом төлөгөн
2022-жылдын декабрына карата «Альянс Алтын» ЖЧК тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге - 8 910 736 139 сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн акчалай пайдадан – 5 873 291 672 сом суммасында салыктар боюнча төлөмдөр жүргүзүлдү.
«Акчалай пайдадан 2% өлчөмүндө жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө» жергиликтүү бюджетке чегерилген төлөмдөр – 615 199 751 сомду түздү, анын ичинде:
- Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) – 307 599 875,50 сом.
- Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) –184 559 925,30сом.
- Бекмолдоев айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) –123 039 950,20 сом.
Жергиликтүү калктын ичинен «Жерүй» ӨБга ишке орноштурулган жумушчулардын саны;
2022-жылдын декабрына карата абалы боюнча «Альянс Алтын» ЖЧКда бардыгы болуп 785 кызматкер иштейт, анын ичинде:
Бишкек шаарынан – 101 жумушчу (же жалпы санынын 13%).
- Башка региондордон – 189 жумушчу (28 %).
- Талас облусунан – 495 жумушчу (72%), анын ичинде Бекмолдоев айыл аймагынан - 201 жумушчу (Талас облусунан жумушчулардын жалпы санынан 41%).
Талас облусунан бардыгы болуп 361 адам окутулду, анын ичинде:
- Бекмолдоев айыл аймагы - 120 адам (же окутулгандрдын жалпы санынан 33%).
- Талас району – 90 адам. (25%).
- Манас району – 18 адам. (5 %).
- Бакай-Ата району – 35 адам. (10%).
- Кара-Буура району – 37 адам. (10%).
- Талас шаары – 61 адам. (17%).
Тандап алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары боюнча жогоруда белгиленген окутуудан өткөн адамдардын ичинен «Альянс Алтын» ЖЧКга 208 адам ишке орноштурулган, анын ичинде:
- Бекмолдоев айыл аймагы – 78 адам (же айыл аймагы боюнча окутулгандардын жалпы санынан 37,6 %).
- Талас району - 53 адам. (25%).
- Манас району - 8 адам. (3,9 %).
- Бакай-Ата району – 19 адам. (9,27 %).
- Кара-Буура району – 18 адам. (8,78%).
- Талас шаары - 32 адам. (15,61 %).
Экология жана аайлана-чөйрөнү ккоргоо
Экологиялык мониторинг программасынын алкагында «ЧЕЛ» ЖЧКсы лицензия боюнча жана кен казуу жерине жакын жайгашкан аймакта агып жаткан сууларда орнотулган 20 контролдук түйүндөрдөн жаратылыш сууларынан үлгүлөр (пробалар) алынды.
СЗЗнын чектериндеги өндүрүштүк объекттердин, жергиликтүү тазалоочу жайлардын атмосфералык абасынын үлгүлөрү алынды. Катуу отун жагылуучу от жагуучу жайларында чаң-газ тазалоочу түзүлүштөрдүн иштөөсү текшерилди.
Жогоруда айтылгандардын жыйынтыктары боюнча;
2022-жылдын экологиялык мониторингинин планына ылайык иш жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын биринчи эки кварталында айлана-чөйрө компоненттеринин курамындагы ченемдерден четтөөлөр табылган жок.
Талас мергенчилер жана балыкчылар коому Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын уруксаты менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча биотехникалык иш-чаралардын планына ылайык Чоң-Чычкан суусунун жайылмасы боюна 15 баш семиречен кыргоолдорун кое берди.
Кыргоолдордун отурукташуусу «Жерүй» кен чыккан жеринин аймагында сейрек кездешүүчү канаттуулардын түрлөрүнүн санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Талас мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Чоң-Чычкан суусунун жайылмасында чөөлөр жана «Жерүй» ӨБ аймагындагы жолбун иттер атылып, жок кылынды.
Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-ishtetch-ishkana-byudzhetke-8-milliard-910-million-736-mi-som-tlgn
Добавить комментарий ×