«Манас Деми»: Таласта өткөн I жарым марафон алты өлкөдөн келген спорт ышкыбоздорун бириктирди

4 июнь 2025 15:45 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан, Казакстан,  Орусия, Өзбекстан, Кытай жана Украинадан келген катышуучуларды бириктирген биринчи «Манас Деми» жарым марафону 2025-жылдын 31-майында Талас облусунда өтүп, жалпысынан 1000ге жакын адам чогулду. 

Бул ири спорттук иш-чара «Альянс Алтын» ЖЧК компаниясынын 10 жылдык мааракесине арналды.

Марафондун уюштуруучулары — «Альянс Алтын» ЖЧКсы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү. Иш-чараны өткөрүүгө «Арт Бласт Групп» жана «Кыргыз Логистик Сервис» компаниялары да колдоо көрсөтүштү.

Жарыш кыргыз элинин эпостук мурасынын символу болгон «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинин аймагында өттү. 

Катышуучулар 21 км, 10 км, 3 км жана 1 км (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн) аралыкта күч сынашты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев катышуучуларды жана меймандарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, мындай масштабдуу спорттук демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү бүткүл республика үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал бул марафон сыяктуу иш-чаралар коомдук биримдикти бекемдөөгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

“Бул жөн гана спорттук иш-чара эмес, бул облусубуздун эл аралык туризм жана активдүү эс алуу борбору катары имиджин чыңдоого багытталган маанилүү кадам. Биз келечекте бул марафонду жыл сайын өткөрөбүз деп үмүт кылабыз”, — деди Жумаев.

Ошондой эле Эрмат Жумаев «Альянс Алтын» компаниясынын Талас облусунун өнүгүшүндөгү ролуна токтолуп, анын аймак экономикасына кошкон салымы менен катар жергиликтүү элдин жашоо сапатын жогорулатууга багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи.

«Альянс Алтын» ЖЧК компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндө марафондун уюштурулушуна салым кошкон бардык тараптарга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Быйыл компаниябыз үчүн өзгөчө жыл — бизге 10 жыл болду. Бул мааракеге арналган биринчи «Манас Деми» жарым марафону биз үчүн өтө маанилүү иш-чара болуп калды. Анткени ал бизди Талас облусунун эли менен, жалпы коомчулук менен бириктирди. Биз бул иш-чара бүткүл аймак үчүн жакшы спорттук салтка айланат деп үмүт кылабыз”, — деди Сабир Рахматов.

Жарыштын өнөктөштөрү жана уюштуруучулардын өкүлдөрү да катышуучуларга куттуктоо сөздөрүн айтышты. «Кыргыз Логистик Сервис» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мирланбек Жуманазаров марафондун жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн уюштуруучуларга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, «Альянс Алтын» компаниясын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал эми «Арт Бласт Групп» компаниясынын өкүлү Аскатбек Жунушев мындай демилгелердин өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга кошкон маанисин белгилеп, иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Жарышка чейинки ден соолукту чыңдоо көнүгүүлөрүн Талас облусунун кулуну, грек-рим күрөшү боюнча эки жолку дүйнө чемпиону жана “Париж–2024”Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Жоламан Шаршенбеков өткөрдү. Марафон маданий-көңүл ачуучупрограмма менен коштолуп, анда белгилүү ырчылар Тамга, Баястан жана Бегимай Турусбекова, бий ансамблдери жана интерактивдүү аянтчалар катышты.

Биринчи «Манас Деми» жарым марафону Талас облусунда спорттук гана эмес, коомдук мааниси бар иш-чара катары сергек жашоону жайылтуу, аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, жаштарды активдүү жашоого тартуу максатында өттү. 

Уюштуруучулар марафондун ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык катышуучуларга, ыктыярчыларга, өнөктөштөргө жана Талас облусунун тургундарына ыраазычылык билдиришти.

Жарым марафондун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот:


Ссылка: https://barometr.kg/manas-demi-talasta-tkn-i-zharym-marafon-alty-lkdn-kelgen-sport-yshkybozdorun-biriktirdi



Добавить комментарий