Бүгүн «Альянс Алтын» компаниясына 10 жыл толду

2 июнь 2025 15:43 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн «Альянс Алтын» ЖЧКсына 10 жыл толду. 

Бул он жылдык ишенимдүү өсүштүн, өлкө экономикасына болгон реалдуу салымдардын жана компания негизделгенден бери карманып келген баалуулуктардын: социалдык жана экологиялык жоопкерчиликтин, туруктуу өнүгүүнүн жана коомчулукка ачыктыктын доору болду.

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бюджетине 28,4 миллиард сом которулган. 2025-жылдын апрель айында эле 2 миллиард сом чегерилген, анын 1,59 миллиарды - алтын сатуудан түшкөн салыктар.

Өлкөдө көлөмү боюнча экинчи орунда турган Жерүй кенинде 2021-жылдан бери 17,6 тонна алтын казып алынды. Кен иштетүүнүн жылдык кубаттуулугу — 1,3 миллион тонна.

Мындан тышкары, даректүү социалдык жардамга кошумча 317,8 миллион сом бөлүнгөн. 

Компания жыл сайын кирешесинин 2 пайызын инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттайт — ал дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. Бул каражаттар облустук, райондук жана айылдык деңгээлдерде тиешелүүлүгүнө жараша 50%, 30% жана 20% үлүштө бөлүштүрүлөт.

Экологиялык жоопкерчилик ишмердүүлүктүн маанилүү бөлүгү бойдон калууда: жабык суу айланма системалары колдонулат, жер рекультивациясы, айлана-чөйрөгө туруктуу мониторинг жүргүзүлөт. Фаунаны калыбына келтирүү боюнча долбоорлор ишке ашууда: маралдарды, кыргоолдорду жапайы жаратылышка, балыктарды дарыяларды коё берүү иштери жүргүзүлүп турат.

Бүгүн бизге 10 жыл — бул башталышы гана. «Альянс Алтын» мындан ары да өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга жана жаратылышты коргоого багытталган ишмердүүлүгүн улантат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-alyans-altyn-kompaniyasyna-10-zhyl-toldu



Добавить комментарий