Жерүй: "Алянс Алтын" таластык 244 баланын эс алуусун уюштуруп берди
Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) Талас облусу боюнча 244 баланын жайкы эс алуу лагерин каржылап берди.
Жай айында Талас районундагы “Барчын” лагеринде жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар, ошондой эле мектепте мыкты окуган окуучулар, бардыгы 244 бала эс алышты.
Компания бардыгы болуп 140 миң сом бөлгөн. Ал каражат компанияга энчиленген футболка жана кепка, ошондой эле шириндиктерге жана спорттук инвентарларга жумшалган. Мындан сырткары лагерди уюштурууга “Бакубат Талас” фонду 940 миң сом бөлүп берген.
“Жайкы эс алуунун алкагында концерттик программалар жана балдар менен оюндар уюштурулду”, - дейт фонддун өкүлү.
Мындан сырткары аталган фонд үч жылдан бери “Барчын” лагерин оңдоо-түздөө, шарттарды жакшыртууга 3 млн сомдун тегерегинде жардам берген. Ал каражаттарга лагердин имаратынын чатыры алмаштырылып, эмеректер жана идиш-аяктар алынган.
“Мындан сырткары лагердин ичинде стандартка жооп берген бассейн бар. Келерки жылы бассейнди, аны менен кошо жуунуучу жайды (душ), ажаткананы заманбап кылып оңдоону пландап жатабыз”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, “Бакубат Талас” фонду “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн. Ал компания өз кезегинде Жерүй кенин иштетүү укугун алган лицензияга ээлик кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/zherj-alyans-altyn-talastyk-244-balanyn-es-aluusun-uyushturup-berdi
Добавить комментарий ×