Жери бекер, салыктан да бошотобуз. 5 жылдыздуу мейманкана сала тургандарга берилчү жеңилдиктер

21 февраль 2023 19:10 749 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекке 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, дүйнөлүк стандарттагы 5 жылдыздуу мейманкана Кыргызстанга салган инвесторлорго мамлекет жерди бекер берери айтылат. 

“Президент Жапаровдун мурунку президенттердин башын кошуп, ынтымакка алып келгендигинин жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай.

Себеби өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат.

Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгө туруктуулук.

Алдыдагы март айында Мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө.

Учурдан пайдаланып, дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылам.

Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз”, -деп жазды Султанбаев.


Ссылка: https://barometr.kg/zheri-beker-salyktan-da-boshotobuz-kyrgyzstanga-5-zhyldyzduu-mejmankana-sala-turgan-investorlorgo-berilch-zheildikter



Добавить комментарий