Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо жылдырылды
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин чакан жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө 22-марттан тарта бир айга Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча сунушту премьерге берүү кабыл алынды.
Ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Эске салсак, 12-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болмок. Анын ичинде беш шаарда дагы шаардык кеңештин депутаттары шайланмак.
Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-keeshterge-bolgon-shajloo-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×