Өзбекстанда президенттик шайлоого Мирзиёев менен кимдер ат салышары белгилүү болду

30 май 2023 15:25 993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын президенттигине талапкерлердин бардыгынын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерди көрсөтүүгө саясий партиялар гана укуктуу. 

15-майда Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө иштеп жаткан беш саясий партияга алдыдагы президенттик шайлоого катышууга уруксат берүү чечимин чыгарганы белгилүү болду.

Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы менен “Миллий тикланиш” демократиялык партиясы биргелешип президенттикке талапкер катары учурдагы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди, Элдик демократиялык партия шайлоого анын лидери Улугбек Иноятовду, Экологиялык партиянын төрагасы Абдушукур Хамзаевди, "Адолат" социал-демократиялык партиясы ("Адилет") - Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудовду сунуштады.

Эске салсак, Мирзиёев 8-майда Өзбекстан парламентинин палата төрагалары, партия лидерлери, аткаруу жана сот бийлигинин жетекчилери менен жолугушууда Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болорун жарыялаган.  
Бул президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга узартуу боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден берки биринчи президенттик шайлоо болмокчу. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-mntnn-murda-tch-prezidenttik-shajloogo-mirziyoev-menen-kimder-salyshary-belgil-boldu



Добавить комментарий