Жерди мыйзамсыз басып алгандарга жана жер саткандарга катуу чара көрүлөт

26 август 2022 13:15 894 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаар мэриясы жерлерди мыйзамсыз басып алгандар жоопко тартыларын эскертти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, укук коргоо органдарына мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу жана жер мыйзамдарын бузууга жол бербөө тапшырмасы берилген.

"Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, муниципалитеттин борбор калаадагы жерлерди мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууну эске салат.


Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча басып алууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган адамдарды аныктоо жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү тапшырылды", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/zherdi-myjzamsyz-basyp-algandarga-zhana-zher-satkandarga-katuu-chara-krlt



Добавить комментарий