Жерде жаңы доор башталды

27 май 2019 11:49 2042 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык стратиграфиялык комиссиянын жумушчу тобундагы окумуштуулардын көпчүлүгү антропогендик, башкача айтканда адамдардын иш-аракеттеринин  таасирлерин эске алды. Анын жыйынтыгында жаңы геологиялык доор келгенине бир добуштан макул болушканын “news.com” сайты жазды.

Илимпоздордун оюнда адамзаттын миллиондогон жылдардагы ишмердиктери өз изин калтырды. Алардын арасынан радионуклиддердин деңгээлинин көтөрүлгөнүн айтууга болот.

2016-жылы комиссия голоцен дооруну бүтүшү боюнча сунуштарды кароого киришкен. Анын аяктоосу 20-кылымдын аягына же өзөктүк сыноолор башталган мезгилге туш келерин белгилешкен.  

Жумушчу тобунун эмки милдети голоцен жана антропоцендин ортосудагы чекти так аныктоо, бул боюнча бири-бирине макулдашуу болуп саналат.  

Буларды аныктоодо окумуштуулар кыйынчылыкка туш болору анык. Азыркы адамзатынын ата-бабаларынын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу миграциясы голоценди аныктоону татаалдаштырат.

Ссылка: https://barometr.kg/zherde-zhay-era-bashtaldy



Добавить комментарий