“Жер үйдүн” тиричилик корпусу текшерүүдөн өттү (Сүрөт)

11 август 2020 18:04 3417 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жер үй” кенинин административдик-тиричилик корпусу текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу “Альян Алтындын” басма сөз кызматына шилтеме берип  «Барометр» билдирет.

Бүгүн, 11-августта өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова, Саламаттык сактоо боюнча Талас облусунун координатору Айжамал Шамбетова жана Талас облусунун башкы санитардык дарыгери Чолпон Сагындыковадан турган комиссия  Таластагы “Жер үй” алтын кенинин административдик-тиричилик корпусун текшерди.

Бул объекттин подрядчысы "Кыргыз Логистик Сервис"(KLC) анда кызматкерлер жатаканасы, ашкана жана мед-санчасть бар.

Ал деңиз денгээлинен 2700 метр бийиктикте орун алган.

“Комиссия ашкананы, андагы тамак-аштын сактоо шарттарын жана жасоо эрежелерин карады. Ошондой эле, медициналык каражаттар менен медпункттардын камсыз болушу жана процедуралык кабинеттин жабдылышын текшерди”, - деп айтылат маалыматта.

“Бардык эскертүүлөр тийиштүү деңгээлде аткарылган жана АБК санитардык-эпидемиологиялык ченемдин талабына жооп берет”, - деди Чолпон Сагындыкова.

Аталган ишкана керектүү дары-дармек жана жабдуулар менен толукталды.

Ссылка: https://barometr.kg/zher-jdn-administrativdik-tirichilik-korpusu-teksherdn-tt-srt



Добавить комментарий