“Жер үй” кенинде санитардык коопсуздук эрежелери сакталууда (Видео, сүрөт)
“Жер үй” кенинде баардык санитардык коопсуздук эрежелери сакталганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы «Барометрге» билдирди.
Коронавирус илдети басаңдаганы менен абал кооптуу бойдон калууда. Андыктан, баардык ишканалар жеке менчик же мамлекеттик экенине карабастан санитардык коопсуздук эрежелерин так сактоого милдеттүү.
Талас райондук санэпидемстанциясы тарабынан 2020-жылдын 24 июлундагы № 213- санитардык көрсөтмөсүнүн сунуштамаларынын негизинде “Альянс Алтын” ишканасында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
«Текшерүү учурунда кендин аймагына кире бериште “карантин” белгиси орнотулуп ар бир жаран атайын фильтрден өткөрүлүп жарандардын дене табы, кан басымы, сатурациясы ченелип атайын журналга түшүрүлүп турганы аныкталды. 12 орундуу изоляция бөлмөсү даярдалып ар бирине кварц лампалар, антисептиктер менен камсыздалып керебеттер социалдык аралыкта жайгаштырылган», - деп айтылат маалыматта.
Медициалык кызматкерлер үчүн өзүнчө кабинет ачылып баардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Жумушчулардын жалпы саламаттыгы күн сайын текшерилип атайын журналга түшүрүлгөн.
Ооруунун клиникалык белгилери байкалгандар изоляторго жаткырылып абалына жараша ооруканага жаткыруу графиги түзүлгөн.
Дезинфекция иштери 3 даана гидропульт менен күн сайын жүргүзүлгөн. Кызматкерлерге, колду туура жууп өздүк гигиенаны сактоо түшүндүрүлүп ар бир иш орундарына, кире бериштерге санитайзерлер орнотулуп бир жолку жана коп жолку колдонулуучу бет каптар менен камсыз болгон. Ашкана жана жумушчулар көп чогулган бөлмөлөргө, аба тазалоочу жана кварц аппараттар орнотулуп социалдык аралыктар сакталып ашканга кирүүнүн графиги түзүлгөн.
«Вахта алмашкан мезгилде жумушчулардан ПЦР анализ алынып анализдердин жыйынтыгынын негизинде гана жумушка уруксат берүү жагы каралган, - деп кошумчалашты Талас облусунун өкүлчүлүгү.
Ссылка: https://barometr.kg/zher-j-keninde-sanitardyk-koopsuzduk-erezheleri-saktaluuda-video-srt
Добавить комментарий ×