"Жерүй" алтын кени ишке киришүүгө даяр
“Жерүйдөгү” биринчи алтын куймасын былтыр март айында чыгаруу пландалган. Бирок, пандемия жана андан кийинки 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар компаниянын пландарын артка жылдырууга аргасыз кылды.
Өндүрүштүн башталышын инвесторлор гана эмес, кыргыз эли дагы күтүп жатат. 2020-жылдагы бюджеттин кескин тартыштыгын эске алганда, “Жерүйдө” алтын өндүрүлө баштаса, өлкө казынасындагы боштуктарды жоюуга жардам берет.
Алтын иштетүүчү фабрика толугу менен ишке киргенден кийин, мамлекеттик бюджетке чегерүүлөр алтындын баасына жараша жылына 2 миллиарддан 4 миллиард сомго чейин жетет. Андан тышкары, чегерүүлөр түздөн-түз Талас облусун өнүктүрүү фондусуна да түшөт.
2020-жылдын октябрь айындагы коогалаң учурунда, талап-тоноолор, жабдуулардын өрттөнгөнүнө жана нөөмөттүк лагерлердин имараттары зыянга учураганына карабастан "Альянс Алтын" ишканасы өндүрүш ишин кыска мөөнөттө калыбына келтирген.
Учурда, алтынды өндүрүүчү фабриканы ишке киргизүү аяктап жатат. Сыноо учурлары буга чейин эле, ийгиликтүү жасалган. Кайра иштетүү комплексинин расмий ишке кириши жакындап калды.
Эске салсак, “Альянс Алтын” компаниясы алтын иштетип ала элек жатып эле, “Жерүйгө” лицензия алган алгачкы күндөрдөн баштап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу жумуштарды кылып келет. 2015-жылы лицензия үчүн өлкөнүн бюджетине 100 миллион доллар төккөн, мурунку лицензия ээлери менен болгон талаш-тартыш, келтирилген арыз, доолордун суммасы жана сот чыгымдары 580 миллион доллардан ашкан.
"Бакубат Талас" кайрымдуулук фондуна компания 650 миллион сом бөлгөн. Таластагы жергиликтүү ишкерлерди колдоо да компания тарабынан эске алынган. Таластагы алтын руда комбинаты, подрядчиктер, ошондой эле, "Жерүйдөн" буйрутмалар берилген аймактык ишканалар болжол менен 2 миң адамды түзөт.
2040-жылга чейинки мезгилде каржылоонун тастыкталган булактары менен Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайынын долбоорлоруна салынган инвестициялардын жалпы көлөмүндө “Жерүйдүн” үлүшү дээрлик жарымын түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zher-j-altyn-keni-ishke-kirishg-dayar
Добавить комментарий ×