Жениш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Моралдык чыгымга 10 млн сом талап кылууда

16 август 2019 19:09 1056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Жениш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Моралдык чыгымга 10 млн сом талап кылууда

Бул тууралуу “baromter.kg” сайтына Өкмөттүн маалымат катчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, Разаков өзүнүн кадыр-баркына жана абийирине шек келтиргендиги үчүн «Азия Ньюс» гезитин сотко берди.

Аталган басылма буга чейин Жеңиш Разаковду Тажикстандын атайын кызматына иштейт деген маалыматты чыгарган.

Гезитке коюлган айып пул 10 млн сомду түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhenish-razakov-aziya-nyus-gezitin-sotko-berdi-moraldyk-chygymga-10-mln-som-talap-kyluuda



Добавить комментарий