Жеңиш Разаков: кыргыз тилин тааныган жасалма интеллект иштелип чыгат
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Алматы шаарында өтүп жаткан «Digital Almaty: глобалдык экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумуна катышты.
Жеңиш Разаков өз сөзүндө жасалма интеллект жана ири маалыматтарды иштеп чыгуу, жалпысынан, санариптештирүү темасы Кыргызстан үчүн актуалдуу болуп саналарын белгиледи.
«Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Өткөн жылы ченемдик-укуктук актылардын көлөмдүү пакети кабыл алынган, ал маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү максатында товарларды маркировкалоо пилоттук долбоору аяктаганы турат. Бул келечекте товарларды текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деди ал.
Вице-премьер-министр андан сырткары өздүк коопсуз санариптик инфраструктураны курууга байланыштуу долбоорлор ишке ашырылып жатканына токтолду.
“Учурда ДАТА-борбордун курулушу үчүн пайдубалы түзүлдү. Smart solutions интеллектуалдык чечимдер жаатындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү пландап жатабыз”, - деди Разаков.
Вице-премьер Кыргызстанда жасалма интеллектти пайдалануу ишке ашыруу стадиясында экенни кошумалады.
«Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү иштеп чыгууларды Жогорку технологиялар паркы жүргүзөт. Кыргыз тилин табигий түрдө тааный турган программалык өндүмдөр жүзөгө ашырылууда. Башка мисал – бул сүрөттү иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзө турган ата мекендик стартап. Жасалма интеллектти колдонуу менен маалыматты башкаруу чөйрөсүндө иштелип жатат. Анткени көлөмдүү маалыматтар маанилүү роль ойнойт, өз алдынча өздөштүрүү алгоритмдерин киргизүү талап кылынган маалыматты натыйжалуу табууга шарт түзөт. Жалпысынан алдыңкы технологияларды түзө турган компаниялар үчүн жайлуу жана коопсуз шарт түзүүнү камсыз кылуу биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат», - деди ал.
Разаков ошондой эле, киберкоркунучтун деңгээлин төмөндөтүү, терс таасирлерден маалымат айдыңын коргоо, мамлекеттик маалыматтык системанын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз максатында биргелешкен аракеттерди жасоо зарыл экенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/zheish-razakov-kyrgyz-tilin-taanygan-zhasalma-intellekt-ishtelip-chygat
Добавить комментарий ×