Жеңиш Разаков: мени сындан улам кызматтан кетти дегендер жаңылышат
Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеткенин “Барометр” сайтына айтты.
Эске салсак, 11-февралда аны жазган арызынын негизинде мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кызматтан бошоткон болчу. Разаков вице-премьерликке 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. Акыркы кездери ал кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселелерди тескеп келе жаткан болчу. Бул жаатта дагы экс-вице-премьердин дарегине бир катар сындар дагы айтылып келген эле.
“Менин кызматтан кетишим толугу менен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу. Буга чейин коомчулукта айтылып келген сындар себеп болду деген маалыматтар туура эмес”, — деди ал.
Разаков кабарчыбыздын “башка мамлекеттик кызмат орундарын сунуштаса кабыл аласызбы?” деген суроосуна “азырынча эч нерсе деп жооп бере албайм. Ойлонушум керек” – деп жооп кайтарды.
“Ак үйдөгү” көшөгө артындагы кабарлар боюнча учурда вице-премьерликке өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаров, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zheish-razakov-meni-syndan-ulam-kyzmattan-ketti-degender-zhaylyshat
Добавить комментарий ×