Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

18 декабрь 2018 13:09 893 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Женишбек Ногойбаев буга чейин жогоруда аталган министрликте министрдин орун басары кызматын аркалап келген. 

Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 15-декабрда арызын жазып, кызматынан кеткен. Анын алдында, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков  “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишине байланыштуу министрди зекиген. 

Ссылка: https://barometr.kg/zheishbek-nogojbaev-transport-zhana-zholdor-ministrinin-mildetin-atkaruuchu-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий