Жеңил унаа жаш баланы сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду
Бөлүшүү:
Бишкектин Аламүдүн районунда жеңил унаа болжол менен 13-14 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан берген маалыматына таянып “Баромет” билдирет.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-августта болгон.
"Жеңил унаанын айдоочусу Бишкек-Кордай жолу менен бара жатып, ГЭС-2 айылы жактан велосипедчен баланы сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда айдоочу кармалып, унаа айып короосуна токтотулду. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ссылка: https://barometr.kg/zheil-unaa-zhash-balany-szp-ketip-al-oorukanaga-zhetpej-kaza-boldu
Добавить комментарий ×