Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Эфиопиянын президентине көңүл айтты

12 март 2019 10:32 1342 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыкка байланыштуу Эфиопиянын Президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.  

«Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм»,-деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, 10-мартта Эфиопия аба жолдоруна таандык Boeing 737-8 MAX тибиндеги жүргүнчү учак Кениянын борбору Найробиден көтөрүлгөндөн кийин 6 мүнөт өткөндө кулаган. Экипаж мүчөлөрүн кошкондо 157 киши көз жумду.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-uchak-kyrsygyna-bajlanyshtuu-efiopiyanyn-prezidentine-kl-ajtty



Добавить комментарий