Индонезияда согушкерлер учакты жүргүнчүлөрү менен кошо бармтага алып алышты

8 февраль 2023 12:02 1120 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индонезиянын Батыш Папуа провинциясына Жаңы Зеландиядан келген учкуч жана беш жүргүнчүсү бар учак согушкерлер тарабынан барымтага алынды. Бул тууралуу New Zealand басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мынлай мааоыматты, Жаңы Зеландиянын премьер-министри Крис Хипкинс  билдирген. 

Премьер-министрдин айтымында, Жаңы Зеландиянын элчилигинин кызматкерлери азыр бул жагдай боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.  

"Алар бизге эмне болгону жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн эмне кылып жатканы тууралуу толук маалымат бере элек, бирок биз бул иш боюнча иш жүрүп жатканын билебиз", - деди Хипкинс.    

Индонезияда террордук түзүм деп эсептелген "Эркин Папуа үчүн кыймылы" жикчил уюмунун аскердик канаты окуя үчүн жоопкерчиликти алган. Алар Индонезиянын өкмөтү аймактын көз карандысыздыгын тааныбаса, учкуч өлтүрүлө турганын баса белгилешти. Барымтага алынган жүргүнчүлөрдүн тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз.     

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-sogushkerler-uchakty-zhrgnchlr-menen-kosho-barmtaga-alyp-alyshty



Добавить комментарий