Казакстанда кар бороонунан улам жолдор жабылып, авиа каттамдар токтотулууда

4 январь 2023 09:35 1543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда аба ырайы кескин начарлап, калың жааган кар катуу бороон менен коштолууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга байланыштуу 127 жол тилкеси жабылган, анын ичинен 49у республикалык жана 78и аймактык маанидеги жолдор.

Жолдордогу өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча республикалык штаб түзүлүп, аймактарда да ушундай штабдар иштеп жатканы кабарланды.

«Ушул күндө Жамбыл, Түркстан, Костанай, Караганда жана Абай облустарында куткаруу бөлүмдөрү тарабынан 691 адам, анын ичинде 137 бала куткарылып, эвакуацияланды, 145 техника тартылды”, -деп айтылат Казакстандын ӨКМнын тараткан маалыматында.   

Ошону менен катары эле, Казакстанда эл аралык жана ички авиа каттамдар да кармалууда.   

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kaly-zhaagan-kardan-ulam-zholdor-zhabylyp-avia-kattamdar-toktotuluuda



Добавить комментарий