Жээнбеков шайлоо алдында депутаттарга кайрылып, алардын милдетин эске салды
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте депутаттарга кайрылды. Ал өз сөзүндө быйыл парламенттик шайлоо болорун эске салып, эл өкүлдөрү айрым өз милдеттерин ак аткарышы керектигин айтты.
"Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыда саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алп урушуусу күчөйт. Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясий алагды болуусун шарттайт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар дагы көбөйөт. Мыйзам чыгаруу иши дагы солгундайт. Андыктан сиздерге кайрыларым азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам. Анткени кийинки парламент келип ишин баштаганча өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек", — деди ал.
Эске салсак, быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылга шайланат.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-shajloo-aldynda-deputattarga-kajrylyp-alardyn-mildetin-eske-saldy
Добавить комментарий ×