Жээнбеков: парламенттик шайлоо алдында берген сөзүбүзгө турдук
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүү алдында берген сөзүнө турганын айтты.
Ал бүгүн, 20-февралда, өкмөттүн жаңы өкүлдөрүнүн ант берүү аземине келген.
"Шайлоону адилет өткөрүү, бардык партияларга бирдей шарт түзүү, партияларда ички демократияны калыптандыруу боюнча маселелер кызуу талкууланып, коомчулукта ар кандай көз караштар айтылып жатат. Шайлоо эрежелерин алдын ала белгилөө жана туруктуу болушуна максат койгонбуз. Эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделип, кийин өзгөртүүлөр киргизилбеш керек деген пикирди билдиргем. Айткан сөзүбүзгө биз турдук. Бул маанилүү саясий прецесске укук жагынан жакшы даярдык менен келдик", — деди ал.
Жээнбеков шайлоо мыйзамдарына эмне толуктоолор керек болсо бардыгы киргизилип бекемделгенин айтты.
"Шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аларды саноо учуруна гана эмес шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Парламентаризмди өнүктүрүүгө түздөн-түз таасир ерген мыйзамдарды кабыл алуу менен өлкөбүздүн келечегине чоң салым коштуңуздар", — деп президент депутаттарга кайрылды.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө 4-октябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-parlamenttik-shajloo-aldynda-bergen-szbzg-turduk
Добавить комментарий ×