Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттин жыйынында сөз сүйлөйт
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө Президентинин катышуусунда ант беришет.
Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-lk-parlamentinin-zhyjynynda-sz-sjljt
Добавить комментарий ×