Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап, ден соолук каалады

5 май 2020 09:28 1252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-майда кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Конституциянын кабыл алынганына чейрек кылымдан ашканын жана өлкө тарыхында өзгөчө орунду ээлеп келерин билдирди.

"Урматтуу мекендештерим! Сиздерди 5-Май Конституция күнү менен куттуктайм. Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин  өнүгүү  жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет. Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду. Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн  пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда. Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз", - деди президент.

Андан сырткары мамлекет башчысы бардык элди майрамы менен куттуктап, ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-сессиясында "легендарлуу парламент" тарабынан кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyrgyzstandyktardy-konstituciya-kn-menen-kuttuktap-den-sooluk-kaalady



Добавить комментарий