Жээнбеков: ишинде жыйынтык болбогон элчилерди дароо алабыз
Президент Сооронбай Жээнбеков мурда элчилердин иштегени дагы, иштебегени дагы 3-4 жыл кызматта жүргөнүн айтып, мындан кийин андай болбой турганын, элчилердин иши жыл сайын баалана турганын айтты.
Мамлекет башчысы 20-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, тышкы жана ички саясат тууралуу кеп кылган.
“Акыркы 12 жылда биринчи жолу Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери менен кеңешме өткөрдүм. Элчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Анын ичинде чет элдеги жарандарыбыздын укугун коргоо жана аларга шарт түзүү тапшырылды. Экономикалык, экологиялык дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Мурда биздин элчилердин мөөнөтү 3-4 жыл деп, иштегени дагы, иштебегени дагы отура берчү. Кимиси жакын болсо калып, жакын бобогону кете берчү. Эми андай болбойт, ушул талапты койдук, азыр тышкы иштер министрлигинде критерийлер бар, ар жыл да жыйынтык чыгарабыз. Жыйнтык болсо иштейт, болбосо иштебейт. Биз 3-4 жыл күтпөйбүз. Күчтүү кадрлар менен толуктай баштайбыз, муну дагы колго алдык”, — деди президент.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-ishinde-zhyjyntyk-bolbogon-elchilerdi-daroo-alabyz
Добавить комментарий ×