Жээнбеков Индонезиянын президенти Джоко Видодого жер титирөөдөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

8 август 2018 19:30 1085 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезия Республикасынын президенти Джоко Видодого Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

“Индонезия республикасынын Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм” – деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-indoneziyanyn-prezidenti-dzhoko-vidodogo-zher-titirdn-kurman-bolgondorgo-bajlanyshtuu-kl-ajtty



Добавить комментарий