Жээнбеков: Биздин балдарыбыз бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек

1 июнь 2019 12:06 1605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы өзүнүн куттуктоосунда балдар калктын аярлуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж экенин белгиледи:

«Ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо - коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети. Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия – коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек»

Кыргызстан 25 жыл мурда «Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө» конвенциясын ратификациялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bizdin-baldarybyz-baktyluu-balalyktyn-doorun-j-bl-chjrsnd-srsh-kerek



Добавить комментарий