Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

13 сентябрь 2018 17:10 1049 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 13-сентябрда Армения тараптын демилгеси боюнча Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Армения республикасынын  премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосунда кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-armeniyanyn-premer-ministri-nikol-pashinyan-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий