Пашинян: Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү катары таанууга даяр

22 май 2023 17:06 249 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Армения Тоолуу Карабакты армян калкынын коопсуздугу камсыз кылынган шартта Азербайжандын бир бөлүгү катары таанууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Новости-Армения эл аралык маалымат агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Армения 86,6 миң чарчы километр аймакты ошону менен бирге Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп тааный турганын билдирди. 

«Эгерде биз бул маселе боюнча бири-бирибизди туура түшүнсөк, анда Армения Азербайжандын 86,6 миң чарчы километр аймактык бүтүндүгүн таанууга даяр, биздин түшүнүгүбүз боюнча Азербайжан дагы Армениянын 29,8 миң чарчы километр жеринин бүтүндүгүн таанууга даяр. 86,6 миң чарчы километрге Тоолуу Карабах дагы кирет, бирок ошол эле учурда биз Тоолуу Карабах элинин укуктары жана коопсуздугу маселеси Степанакерт-Баку диалогунун форматында талкууланышы керек деп айтабыз», - деди ал.

Пашинян бул сүйлөшүүлөр үчүн эл аралык кепилдиктерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.   

Эске салсак, 2022-жылдын ноябрь айында Армения менен Азербайжан АКШда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшкөн.   

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери потенциалдуу тынчтык келишиминин элементтери боюнча пикир алмашышкан жана дагы эле чечиле турган бир катар көйгөйлөр бар экенин билдиришкен.     
   

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения тынчтык келишиминин акыркы долбоорун Азербайжанга өткөрүп бергенин билдирген.   
 
 


 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/pashinyan-armeniya-tooluu-karabakty-azerbajzhandyn-bir-blg-katary-taanuuga-dayar



Добавить комментарий