Жээнбеков: Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш

17 март 2020 13:08 538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Анда ал 17-марттагы Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калганын айтты. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат.

“Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат.

Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат.

Элибиз үчүн, эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда», — деп айтылат кайрылууда.

Андан сырткары мамлекет башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-aksy-okuyalary-lkbzdn-demokratiyalyk-ng-zholundagy-uluu-burulush-katary-taryhta-kaldy



Добавить комментарий