Ошто дарыгерлер мык жутуп алган баланын өмүрүн сактап калышты

8 август 2023 16:18 1426 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто дарыгерлер мык жутуп алып, оор абалда келген наристенин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Дарыгерлердин айтымында ата-энелер балдарга бир аз кайдыгер карап жатабы же балдар кандайдыр нерселерге өтө кызыктарбы, айтор, мындай окуялар көп катталууда. 

“Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасына учтуу зат жутуп алган 10 жашар баланы алып келишти. Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тезинен жардам көрсөтүлүп, аман алып калышты.

Бөтөн затты алган анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кочкорбай уулу Семетей мындай абалдар акыркы күндөрү көп катталганын айтып, балдардын ден соолугуна, өмүрүнө этият болууну ата-энелерден суранды.

Алтын колдуу дарыгерге, кокустукка кабылган балакайга узун өмүр каалап, балдардын өмүрүн тобокелчиликке салбаганды дайыма эске алалы демекчибиз”, -деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө. 


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-darygerler-myk-zhutup-algan-balanyn-mrn-saktap-kalyshty



Добавить комментарий