Жээнбек Кулубаев Казакстандын жаңы дайындалган министри менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

30 сентябрь 2025 10:49 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2025-жылдын 29-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Казакстан Республикасынын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Ермек Кошербаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечектерин талкуулашты, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүү учурунда Кулубаев Кошербаевди Казакстан Республикасынын тышкы иштери министри кызматына дайындалганы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbek-kulubaev-kazakstandyn-zhay-dajyndalgan-ministri-menen-telefon-arkyluu-sjlsh-tkrd



Добавить комментарий