ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу сот. Эксимбанк 26 млн.долларды которо элек
Бүгүн, 29-майда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш ишин кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумунда Финансы министрлигинин кызматкери Нурбек Мамасадыков долбоорду ишке ашырууга Эксимбанк тарабынан бөлүнгөн кредиттик каражаттын көлөмү туурасындагы айыпталып жаткандардын суроолоруна түшүндүрмө берди.
Мамасадыковдун айтуусунда, Эксимбанк Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн каралган 386 млн.доллар кредиттик каражаттын 360 млн.долларын гана которгон.
"Калган 26 млн.доллар өлчөмүндөгү каражат атайын эсепте жатат, анын ичинен 4 млн.доллары – кепилденген сумма, 19 млн.доллар – кошумча иштерге деп каралган каражат", - деп жооп берди жабырлануучу катары сотто чыккан Финансы министрлигинин кызматкери.
Ошондой эле Мамасадыков айыпталып жаткандардын суроолоруна жооп берип жатып, келтирилген 111 млн.доллар чыгымды экспертиза 386 млн.доллар каражаттын ичинен эсептегендигин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/zhebdi-modernizaciyaloogo-bajlanyshtuu-sot-eksimbank-26-mlndollardy-kotoro-elek
Добавить комментарий ×