ЖЭБди модернизациялоо боюнча өтүп жаткан соттук отурумда Дүйнөлүк банктын жетекчисин суракка чакырууну талап кылышты

23 май 2019 13:07 3974 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Дүйнөлүк банктын өкүлүн дагы суракка чакыруу өтүнүчүн берди.  

Сот Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүни кимисин чакыруу керектигин тактоону сураганда жактоочу ким болсо дагы айырмасы жок экендигин белгиледи.

Судья Инара Гилязитдинова өтүнүч келтирүүдөн мурда Дүйнөлүк банктын кайсыл өкүлүн чакыруу керектигин так көрсөтүүнү жактоочудан талап кылды.

Бул учурда айыпкер Сатыбалдиев сотко өтүнүч келтирерден мурда муну өзү менен талкуулап алыш керектигин өзүнүн жактоочусунан талап кылды.

"Жактоочулар бизди коргошот, тескери жасабай. Мен өзүмдүн жактоочумдун өтүнүчүнө тактоо киргизип коеюн, суракка Дүйнөлүк банктын генералдык директорун чакырууну өтүнөбүз", - деди Сатыбалдиев.

Белгилей кетсек, кылмыш ишинде Дүйнөлүк банк 150млн.доллар турган ТЭО долбоору боюнча тергөө учурунда күбө катары сурак берген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhebdi-modernizaciyaloo-boyuncha-tp-zhatkan-sottuk-oturumda-djnlk-banktyn-zhetekchisin-surakka-chakyruunu-talap-kylyshty



Добавить комментарий