Жазында баш тарта турган косметикалык процедуралар кайсылар?

27 февраль 2023 08:50 2967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жазында күн активдүү боло баштайт жана муну косметикалык процедураларды жасатууда эске алуу керек. Аларды күн ысый баштаганда жасаткан учурда тескери натыйжа алып калышыңыз толук ыктымал. Төмөндө аларга көз жүгүртүңүз! Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Кычкылданткыч пилинг

Акне жана теринин өңүн тегиз көрсөтүш үчүн косметологдор көп учурда кислоталык пилингди колдонушат.Бул процедураны күзүндө жана кышында жасаткан ыңгайлуу. Пилинг процедурасынын маалында эпидермистин сырты катмары сыйрылат, ал эми теринин жаңы катмары өзүн коргоосу үчүн алсыз болгондуктан ультрафиолет нурларынан коргонуш үчүн пигментациянын коргоочу реакциясын чыгарат.

Лазердик эпиляция

Лазерге түздөн-түз каршылык болбосо дагы эпилция жасаткан жерлерди пигменттик тактар чыкпаш үчүн SPF 30 кремдери менен коргоо керек.Диоддук лазер менен эпиляция жасаткан учурда процедурага чейин 3 күн, андан кийин 3 күн  ысык тийген күндөн коргонуш керек.

Татуировкаларды өчүрүү

Теринин терең катмарынан татуировканы өчүрүү травма алып келип келүүчү процедура болгондуктан аны күзүндө жана кышында өчүрткөн жакшы.Бул учурда күнгө же болбосо көлгө түшкөн териге зыян алып келет.

Чачты боетуу

Таң калыштуу угулса дагы жазында көпчүлүк кыздар чачтарын боетууга жөнөшөт.Бирок ультрафиолет нурларынын таасири менен  чач кургап, сынып түшүүсү көбөйөт.

Теринин шлифовкасы

Терини жашартуучу бул процедураны дагы жаз мезгилинде жазатууда абайлаш керек. Күндүн ультрафиолет нурлары териге зыян алып келип анын тез карышына жол ачкандыктан жазында жасала турган косметикалык процедураларды кийинкиге калтыра турганың оң!

Ссылка: https://barometr.kg/zhazynda-bash-tarta-turgan-kosmetikalyk-proceduralar-kajsylar



Добавить комментарий