Жаңырган жылдын 19 күнүндө эле 37 мас айдоочу кармалды
Жаңырган жылдын 19 күнүндө эле 37 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын айланасында, кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5380 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:
-37 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
-27 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
-43 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
-124 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
-1146 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 3328 башка бузуулар;
- 675 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоонү кайгуул кызматы өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhayrgan-zhyldyn-19-knnd-ele-37-mas-ajdoochu-karmaldy
Добавить комментарий ×