Жаңы-жылдык балатыга мэрия былтыркы жумшалган каражаттын жарымын жумшап, андан кооз кылып жасайт

5 декабрь 2018 10:25 1610 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жаңы-жылдык балатыга мэрия былтыркы  жумшалган каражаттын жарымын жумшайт. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

"Буюрса былтыркы балатыга жумшалган акчанын жарымын коротуп, андан да кооз балаты жасап, шаардыктарга жакшы маанай тартуулайбыз"-деп жазды.

Бюджеттин акчасын туура жана сарамжалдуу пайдаланышса жакшы болмок деген пикирлер айтылса, көпчүлүгү кеткен каражатты жетим балдар уйүнө, кедей-кембагалдарга жумшагыла деп акыл үйрөткөндөр да болду. 

Балатынын баасы тууралуу интернетте кызуу талкуу жаралып, ар ким өз ой-пикирлерин жазышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhyldyk-balatyga-meriya-byltyrky-zhumshalgan-karazhattyn-zharymyn-zhumshap-andan-kooz-kylyp-zhasajt



Добавить комментарий