Бишкектин билим берүү мекемелеринде "Санарип мугалим" онлайн-вебинары өтөт

10 август 2020 16:49 2834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-августтан 25-августка чейин Бишкектин бардык жалпы билим берүү мекемелеринде "Санарип мугалим" аталышындагы онлайн-вебинар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Биз мугалимдер менен интернет аркылуу сабак берүүнүн ыкмасын, жетишкендиктерди баалоо, балдар менен иштөөнү уюштуруу жана окуучулар, мугалимдер арасындагы психологиялык кризистин алдын алуу максатында талкууларды жүргүзүп жатабыз", — деп айтылат маалыматта.

Педагогдор үчүн онлайн-сабактар Билим берүү жана илим министрлигинин адистери тарабынан эки этапта өткөрүлөт.

Андагы биринчи этаптагы сабактар 5-16-август жана экинчиси 17-25-августка чейин жалпы билим берүү мекемелеринин бардык мугалимдери үчүн болот.




Ссылка: https://barometr.kg/zhay-okuu-zhylyna-mugalimder-dayardana-bashtady



Добавить комментарий